Пятница, 20 сентября

БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши Израилге каршы резолюция кабыл алды

0

Бул документти 47 өлкөнүн ичинен 23ү колдоп добуш беришти.
БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши жума күнү Израилди айыптаган жана БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын оккупацияланган палестиналык аймактарда позициясын бекемдеген резолюциянын долбоорун жактырды.
БУУнун Женевадагы акыркы күнү өткөн 40-сессиясында Бахрейн, Боливия, Куба, Пакистан, Сенегал, Венесуэла, Зимбабве жана Палестина тарабынан демилгеленген Израилге каршы резолюциянын долбоору добушка коюлду.
Талкууга 47 мамлекеттин өкүлдөрү катышышты.
23 өлкө Израилге каршы резолюцияны колдоп добуш беришти, 8и каршы чыгышты жана 15и добуш берүүдөн баш тартышты.
Израилди айыптаган резолюцияга Австралия, Австрия, Бразилия, Болгария, Чехия, Фиджи, Венгрия жана Украина каршы добуш беришти.
Мындан мурда 2018-жылы Газадагы каршылык акциясын иликтөө боюнча Көзкарандысыз комиссия отчетун жарыялап, анда Израил Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы “Улуу кайтаруу маршы” акциясы учурунда адам укугун бузгандыгын билдирген.
Отчетто бул укук бузуулардын айрымдары аскердик кылмыш жана адамзатка каршы кылмыш катары бааланышы мүмкүн экендиги айтылган.
Отчеттун негизинде резолюциянын долбоору даярдалган.
Палестиналыктардын акциясын кууп таратуу учурунда израилдик аскерлер адамды өлтүрүүчү окторду колдонушат. Азыркы учурга чейин акция учурунда 230дан ашык палестиналыктар каза болгон.
Израил 1976-жылы 30-мартта миңдеген акр палестиналык жерлерди басып алган. Андан бери жыл сайын бул күнү палестиналыктар дүйнө коомчулугуна баш ийбөө акцияларын уюштуруу менен өздөрүнүн биримдиги менен тилектештигин көргөзүп келишүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз