Пятница, 20 сентября

ИКУ өлкөлөрү Жаңы Зеландиядагы террорчулукту айыпташууда

0

Стамбулда Ислам Кызматташтыгы Уюмунун аткаруу комитетинин ТИМ жетекчилеринин деңгээлиндеги жыйыны өттү.

Жума күнү Стамбулдагы Grand Tarabya мейманканасында Ислам Кызматташтыгы Уюмунун аткаруу комитетинин тышкы иштер министрликтеринин деңгээлиндеги кеңейтилген жыйыны болду.

ИКУнун учурдагы төрагасы – Түркиянын демилгеси менен чакырылган жыйын мусулмандарга карата көралбастык жана жек көрүүчүлүк мүнөздөгү, анын ичинде жакында Жаңы Зеландиянын эки мечитинде  болгон кандуу террорчулукка каршы күрөшүү темасына арналды.

Жыйындын соңунда жарыяланган билдирүүдө “Жаңы Зеландиянын тынч турмушта жашаган элине каршы жасалган исламофобиялык жүрөк үшүн алган жана мыкаачылык кылмыштар” кескин айыпталды.

ИКУнун Башкы катчысы  Юсиф бин Ахмед эль-Усеймин 15-мартты Исламофобия менен күрөшүүдө Эл аралык тилектештик күнү деп жарыялоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз