Пятница, 3 мая

Парламент референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда жактырды.

Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз