Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын (АКШ) орус оппозициячылы Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы боюнча Орусияга каршы санкцияларына жооп кайтаруу принцибине ылайык жооп бере тургандыгын билдирди.
Захарова өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ бийлигинин санкция чечимдери менен «Европа Биримдиги (ЕБ) менен дуэт кылып Москваны жазалоо үчүн Орусияга каршы душмандык чабуулу жасады» деп билдирди.
Захарова Ак үй тышкы душмандын имиджин өнүктүрүүгө аракет кылып жатат жана өзүнүн ички көйгөйлөрү менен алектенбей жаткандыгын жүйө келтирди.
Санкциялардын себеби катары Алексей Навальныйдын аскердик химиялык деп аталган заттар менен ууландырылганын «абсурд» деп мүнөздөгөн Захарова: «Мунун бардыгы биздин ички иштерибизге ачык кийлигишүүнү улантууга шылтоо болуп саналат. Биз буга чыдайбыз деген оюбуз жок. Биз жооп кайтаруу принцибине ылайык реакция жасайбыз» — деген сөздөрдү колдонгон.
Орусияга санкциялар же башка кысымдар аркылуу кандайдыр бир нерсени таңуулоого негизделген эсептер мурунтан эле ийгиликсиз болуп келгендигин белгилеген Захарова: «Америкалык санкцияларга карабастан, биз ар кандай агрессияга каршы туруу менен улуттук кызыкчылыктарыбызды ырааттуу жана чечкиндүү коргой беребиз. Биз (АКШлык) кесиптештерибизди от менен ойнобоого чакырабыз»,- деди.
Эскерте кетсек, АКШ орусиялык оппонент Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы үчүн Орусиядан келген 7 аткаминерге жана 14 уюмга санкция жарыялоону кабыл алган болчу.