Суббота, 4 мая

Нидерландияда COVID-19 тест борборуна жакын жерде жарылуу болду

0

Нидерландиянын Бовенкардспел шаарындагы Ковид-19 тест борборунун жакындарында жарылуу болду.

Нидерландия полициясынын Твиттерден берген маалыматында жергиликтүү убакыт боюнча саат 06: 55 чамаларында болгон жарылуууга түтүк түрүндөгү бомбанын себеп болгондугу, кол салууда каза болгон же жаралангандардын болбогондугу белгиленди.

Маалыматта жарылуунун таасири менен тест борборунун терезелери сынып, жарылуу учурунда тест борборунун ачыла электиги билдирилди.

Жардыруу бомбалуу кол салуу болгондуктан жана тест борборунун бутага алынышынан шектенген полиция айланада башка жарылуучу заттар болушу мүмкүн деген шектенүү менен проспектини унааларга жапты.

Декабрь айында да айрым Ковид- 19 тест борборлоруна карата ушундай кол салуулар болгон. Урк аралындагы бир тест борбору өрттөлүп, Амстердам жана Урмонд шаарларындагы тест борборлорунун терезелери сынган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз