Пятница, 3 мая

Марстын эң тунук сүрөттөрү келди (Фото)

0

Американын космос агенттиги — НАСАнын «Персеверанс» роботу жети ай космосто учуп, Марс планетасына 18-февралда ийгиликтүү конгон.

Андан бери космостук робот Марстын экваторуна жакын «Езеро» деп аталган кратерден көз жоосун алган сүрөттөрдү салып жатат.

Роботтун эң негизги максаты — Кызыл планетадагы бактериялык жандыктардын изин иликтөө. Окумуштуулар үч-төрт миллиард жыл мурун Марста суу болгонун, демек тирүү жандык дагы болушу мүмкүн деп келишет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз