Четверг, 25 апреля

Садыр Жапаров Өзбекстанга барат

0

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта барат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйында кабарлады.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Жапаровду бир топ өлкөлөрдүн лидерлери чакырды.

Өзбекстандагы сапарынан кийин ал Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга барары күтүлүп жатат.

Министр президенттин Ташкентке сапары кандай багытта экенин жана анда эмне маселелер караларын тактаган жок. ТИМ буга чейин Садыр Жапаровдун кийинки расмий сапары Өзбекстанга мерчемделип жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Казакстанда иш сапарда болду.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз