Суббота, 4 мая

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы Бирол Четин менен жолугушту

0

2021-жылы 2-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы, профессор Бирол Четин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашылды, ошондой эле аталган коом менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдун башчысы Б. Четин Кыргызстанда ар кандай тилдерде басылып чыккан басылмалардан жана электрондук китептерден турган тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз