Суббота, 4 мая

АКШ Ирактагы аскердик базага кол салуу тууралуу билдирүү жасады

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби, АКШнын аскер кызматкерлери да жайгашкан Айн аль-Асад авиабазасына кечээ ракета чабуулунан АКШнын жарандык персоналы жүрөк оорусуна кабылып, каза болгонун жарыялады.

Кирби бүгүн Ирактын Айн аль-Асад авиабазасына жасалган ракеталык чабуул жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Базага 10 ракета менен чабуул жасалганын, бирок америкалык аскерлер эч кандай зыян тартпаганын белгилеген басма сөз катчысы Кирби: «АКШнын жарандык келишим менен иштеген кызматкери баш калкалап жатканда жүрөгү токтоп, тилекке каршы көп өтпөй көз жумду»,-деди.

Кирби Ирактын коопсуздук күчтөрү аймакта экендигин жана окуяны териштирип жаткандыгын билдирди.

Базадагы ракета, замбирек жана минометтун алдын алуу тутумдары иштетилгенин белгилеген Кирби, АКШнын Коргоо министри Ллойд Остинге кол салуу жөнүндө маалымат берилгенин айтты.

Америкалык аскерлер жайгашкан Эрбил аэропорту 15-февралда ракеталык чабуулдарга, ал эми Багдаддагы тыгыз корголгон Жашыл Аймак 22-февралда ракеталык кол салууларга дуушар болгон.

АКШ армиясы болсо, 26-февралда Иран колдогон куралдуу топторго таандык Сирия-Ирак чек арасынын  Сирия тарабында жайгашкан мекемеге абадан чабуул жасап, иран колдогон 1 согушкерди жок кылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз