Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 41 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 41 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 17 адамдан, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 9, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал — Абад облусунда – 3, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 адам дарыланууда.

«Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424 киши айыгып чыкса, 1 миң 470 адам каза болду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз