Пятница, 17 мая

Орусияда 4 миллионго жакын адам эмдөөдөн өттү

0

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө 4 миллионго жакын адамдын Ковид-19га каршы эмделгенин билдирди.

Путин жардам уюмунун ыктыярчылары менен өткөргөн жыйында, өлкөдөгү Ковид-19га каршы эмдөө процесси жөнүндө билдирүү жасады.

Путин өлкөдө эмдөө процессинде кээ бир көйгөйлөр бар экендигин белгилеп: «Логистика, бөлүштүрүү жана эмдөө пункттарын уюштурууга байланыштуу көйгөйлөр бар. Менин билишимче, эмдөө иштери өлкөнүн 9 аймагында баштала элек» — деп айтты.

Орусияда жуктургандардын саны азайганын бирок коркунуч жоюлбагандыгын баса белгилеген Путин, эл аралык аренада Ковид-19га каршы күрөшүү боюнча демилгелердин бириктирилиши зарылдыгына көңүл бурду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз