Суббота, 18 мая

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

0

Бишкектин “Ала-Тоо” жана Турдакун Усубалиев аянтында жана Эркиндик бульварында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук соту жергиликтүү бийликтин сунушун канааттандырды. Бул тууралуу sot.kg парталында кабарланды.

Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы шаарда ар жекшемби сайын өткөрүлгөн митингдер жашоочуларын «тынчтыгын бузууда» деп сотко кайрылган. Райондук бийлик митингдерди Максим Горький гүл багында өткөрүүгө уруксат берди.

8/365 кыймылынын активисттери чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышканын юрист Евгения Крапивина “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Алар ар бир жаран тынч жыйындарга чогулууга укугу бар экенин белгилеп жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз