Бишкек шаарында кайрадан азык-түлүк жарманкеси 6-7-март күндөрү өткөрүлөт. Бул маалыматты айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Жарманкелер өтчү даректер:
- Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Алдыдагы жарманкедеги продукциялардын баалары:
- Уй эти – 390-405 сом
- Жылкы эти — 380-390 сом
- Кой эти – 400-405 сом
- Тоок эти – 200-210 сом
- Суу май — 120-125 сом
- Жумуртка 10 даана – 90-95 сом
- Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом
- Кумшекер — 55-57 сом
- Күрүч — 55-60 сом
- Алма — 30-50 сом
- Сабиз – 12-15 сом
- Картөшкө — 22-25 сом
- Пияз — 15-16 сом.