Понедельник, 20 мая

Бишкектин үч конушунда таза суу убактылуу токтотулат

0

Жаз-жайкы мезгилдерге даярдыктын алкагында «Энесай» суу кампасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Бишкектин үч конушуна суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Атап айтканда, Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында эртең менентен баштап саат 15:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат.

Анын ичинде төмөнкү объектилер да бар:

  • № 21 муниципалдык аймактык башкармалык;
  • № 2, 2а, 4 бала бакча;
  • № 9 Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • № 20 китепкана;
  • № 7, №6 милициянын аймактык пункту;
  • №21, №94 орто мектептери;
  • «КУТ МонтажСтрой» ЖЧКсы;
  • «Ак-Илбирс» компаниясы;
  • «Бегимай-Дордой» бала бакчасы;
  • Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору, №32в «Дордой» базары.

Жаңы конуштардын тургундарына суу өчүрүлөрү туурасында муниципалдык аймактык башкармалык жана кварталдык комитеттердин жетекчилери аркылуу алдын ала эскертүү берилгени айтылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз