Понедельник, 20 мая

Сутка ичинде коронавирус 23 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 23 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 16, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 606 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 31 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 606га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 20, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1475ке жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз