Воскресенье, 19 мая

Бензиндин баасы дагы кымбаттайт

0

Кыргызстанда бензиндин 10 сомго, ал эми дизелдик майдын 4, 8 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди.

Кечээ, 9-мартта ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Кыргызстандагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү майлардын баалары туурасында абал талкууланган.

Анда Кадырбаев мунай заттарынын баасы Кыргызстанда бир топ кымбатташы күтүлүп жаткандыгын айткан.

«Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айында Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордо бир тонна бензин 100-150 долларга көтөрүлдү. Ошондо баа 7ден 10 сомго көтөрүлүшү мүмкүн, ал эми дизелдин бир тоннасы Орусиядагы нефть иштетүүчү заводдордо 40-60 долларга чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул учурда баа 3 сомдон 4, 8 сомго чейин өсөрүн билдирет», — деди Кадырбаев.

Ал КРдин күйүүчү май рыногунда 20дан ашык компания иш алып барып жатканын, өлкөдө күйүүчү майлардын жалпы керектөөсү 1 млн. 200 миң тоннаны түзөрүн билдирди. Анын айтымында, мунун 80 пайызы импорттолуп келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз