Воскресенье, 19 мая

АКШ венесуэлалык иммигранттарга «Убактылуу коргоо статусун» берет

0

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) өлкөдөгү болжол менен 320 миң венесуэлалык иммигрантка «Убактылуу коргоо статусун» берет.

АКШнын Улуттук коопсуздук министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Министр Алехандро Майоркас, Венесуэланы 2022-жылдын сентябрь айына чейин 18 айга «Убактылуу коргоо статусу» бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту» деген сөздөр камтылды.

Ички Коопсуздук министрлигинин талаптарына жооп берген жана учурда АКШда жүргөн венесуэлалыктардын бул статуска ээ боло ала тургандары баса белгиленген билдирүүдө: «Бул чечим Венесуэлада адамдардын кайтып келүүсүн алдын алган убактылуу кырдаалга байланыштуу кабыл алынды»,-делди.

Билдирүүдө «Венесуэлада кеңири жайылган ачарчылык жана жетишсиз тамактануудан келип чыккан гуманитардык кризис, мамлекеттик эмес куралдуу топтордун активдүүлүгү, кысым жана кыйраган инфраструктурага» көңүл бурулду.

АКШда болжол менен 320 миң венесуэлалык иммигрант бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз