Вторник, 3 декабря

Жапония аракандык мусулмандарга жардам берет

0

Япония аракандык мусулман качкындарга азык-түлүк жана медициналык муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн 19 миллион долларлык шашылыш жардам көрсөтөт.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Мьянманын Аракан аймагындагы кысым жана куугунтуктоодон качкан аракандык мусулмандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Ушул алкакта Япония Эл аралык Кызыл Крест комитети, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эл аралык миграция уюму (IOM) аркылуу аракандык мусулмандарга 19 миллион долларлык чукул жардам көрсөтөт.

Гранттын алкагында Мьянма жана Бангладештеги 58 ооруканага жана саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдуулар менен эки өлкөдөгү 600 миң адамга азык-түлүк жардамы жеткирилет.

БУУнун маалыматы боюнча 2017-жылдын августунан кийин Аракандагы кысым жана куугунтуктан качып Бангладешке баш калкалаган адамдардын саны 900 миңге жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз