Воскресенье, 19 мая

1-апрелден тарта отчеттор электрондук түрдө гана тапшырылат

0

Кыргызстандагы бардык уюмдар 2021-жылдын 1-апрелинен баштап салык боюнча отчетторун электрондук түрдө  Salyk.kg сайтынын “жеке бөлмөсү” аркылуу жиберишет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Буга байланыштуу өкүлчүлүк уюмдарды акыркы мөөнөткө калтырбай Salyk.kg сайтынын “жеке бөлмөсүнө” кирүүгө уруксат алуусун эскертти.

Ал үчүн маалымат системасына уруксат алуу арызын толтуруп, андан кийин арызды жашаган жерине караштуу салык органына алпарып тапшыруу керек.

“Жеке салык бөлмөсүнө” уруксат алгандан кийин отчетторду тапшырууга жана онлайн салык кызматтарынан акысыз колдонууга болот.

Толук маалымат үчүн Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан же болбосо 116 номери аркылуу маалымат алсаңыз болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз