Воскресенье, 5 мая

Бүгүн опера-балет театрында Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган концерт өткөрүлөт

0

Бүгүн, 10-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында саат 18:30да казак акыны, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата концерт өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнө караганда иш чарага Казакстандын маданият жана спорт министри Актоту Раимкулова жана Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев катышат.

Концерттик программага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркменистандын маданият кызматкерлери өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз