Воскресенье, 5 мая

Кыргызстандыктар АКШга ээн эркин кире алат

0

Ушул жуманын башында АКШнын мамлекеттик департаменти 13 мамлекеттин жарандарына өлкөгө кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салды. Алардын арасында кыргызстандыктар дагы бар.

Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден инаугурациянын эртеси эле, 20-январда, буга чейин киргизилген чектөөнү алып салган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз