Суббота, 18 мая

Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатканы белгиленди.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү дагы мерчемделүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз