Пятница, 20 сентября

Бразилиянын  экс-президенти кармалды

0

Өлкөнүн мурдагы президенти Темер кеңири масштабдуу коррупция териштирүүсүнүн бир бөлүгү катары Сан-Паулодогу үйүнөн кармалып, Рио-Де Жанейродогу Коопсуздук директорлугуна жеткирилди.

Бразилиянын мурда көп жемкорлуктарга аралашканы менен билинген мурдагы президенти Мишель Темер кармалды.

Темер, кеңири масштабдуу коррупция териштирүүсүнүн бир бөлүгү катары Сан-Паулодогу үйүнөн кармалып, Рио-Де Жанейродогу Коопсуздук директорлугуна алып барылды.

Териштирүүнүн алкагында мурдагы энергетика министри Морейра Франко жана жарандык авиация боюнча мурдагы министри Елисеу Падильянын кармалышы боюнча өкүм чыкты.

Темер туурасында пара алгандыгына байланыштуу октябрь айында айыптоо тыянагы даярдалган. Мурдагы президенттин коррупция чатагынын борборунда орун алган Одебрехт курулуш жана инженердик фирмасынан 300 миң доллардай пара алганы жөнүндө далилдер табылганы жарыяланган.

«Машина жуугуч» деп аталган жемкорлукту териштирүүнүн алкагында Одебрехт курулуш жана инженердик фирмасынын мурдагы жетекчиси да Темердин партиясына 40 миллион доллардык пара бергенин айтып чыккан.

Териштирүүнүн алкагында бүгүнкү күнгө дейре ондогон саясатчы жана башкаруучу камакка алынса, 2 миллиард доллардан көп пара жана жемкорлук ачыкка чыгарылган.

Темер өзүнөн мурдагы президент Дилма Руссеффтин кызматтан алынышы менен өлкөнүн президенти болгон.

Ал эми аты көп сандаган жемкорлук менен эскерилген Темер, январь айында өткөн шайлоолордо кызматын «Тропикал Трамп» деп аталган Жаир Болсонарого өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз