Пятница, 20 сентября

Багдад  Трамптын Голан дөңсөөсү тууралуу билдирүүсүн айыптады

0

Ирак Израилдин сириялык Голан дөңсөөлөрү боюнча эгемендүүлүгүн тааныгандыгына каршы.

Ирак ТИМи АКШ президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү деген чакырыгын сынга алды.

Ирак ТИМи жарыялаган билдирүүдө мындай кырдаал такыр акыл-эске сыйбай тургандыгы айтылган.

«Ирак эл аралык укукка ылайык Израилдин Голан бийиктигиндеги эгемендүүлүгүн таанууга кескин каршы чыгат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Палестинанын аймактарынын, атап айтканда Иерусалим жана Голан дөңсөөлөрүн израилдик басып алуулар Тель-Авивдин бул аракеттерин мыйзамдаштырууга жатпай тургандыгы айтылган билдирүүдө.

Мындан мурда АКШ  президенти  Дональд Трамп Twitterдеги өз барагына 52 жыл өткөн соң Кошмо Штаттарга Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү эгемендүүлүгүн толук бойдон тааный турган мезгил келди деп жазган.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1981-жылы кабыл алынган №497 резолюциясы Голан дөңсөөлөрүн израилдик басып алуулар мыйзамсыз экендигин тааныйт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз