Суббота, 18 мая

Парламент референдумду 11-апрелде өткөрүүнү кабыл алды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүгө макулдук берди.

Аталган мыйзам долбооруна бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат «макул», алтоо «каршы» добуш берди.

Белгилей кетсек, референдум дайындоо боюнча маселе кечээ, 10-мартта, экинчи окууда каралган. Үчүнчү окууну кароо боюнча айтылган эмес. Ал эми бүгүн үчүнчү окуудан дагы добуш берилди.

Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү «макул», тогузу «каршы» добуш берген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз