2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жана жөлөк пул 5000 сом болот

0

Жаңы Конституция кабыл алынса, 2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жана пособия 5000 сомдон кем болбойт.

Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө “Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш” деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.

Демек, Конституция кабыл алынса, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Эске салсак, 2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 5359 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердики 4785 сом, 17 жашка чейинки балдардыкы 4015 сомдон 5139 сомго чейин. Бул ушунча каражат менен бир адам бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз