Бүгүн, 12-марттан баштап шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Айылдык кеңештерде үгүт иштер 22-марттан башталат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Боршайкомдун маалыматына караганда 12-марттан тартып, 28 шаардык кеңешке катышуучу 59 саясий партия үгүт иштерин жүргүзүү укугуна ээ болот.
Үгүт өнөктүгү 10-апрелге чейин созулат.
11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.