Вторник, 21 мая

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери 22 документке кол коюшту

0

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин арасында өкмөттөр аралык Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика жаатында, коргоо, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюча макулдашуулар бар.

Эки өлкөнүн бажы кызматтарынын маалымат алмашуусу тууралуу протокол түзүлдү. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

Буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү өңүттөрдө түзүлгөн макулдашуу, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу да сүйлөшүлдү.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз