Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына барып, өндүрүлгөн транспорт каражаттарын көргөн.
Өлкө жетекчилери технопарктын көргөзмө залына барып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда чыгарылган продукцияларды көрүп чыгышканы билдирилди.
Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкуулангандыгы айтылды.