Пятница, 17 мая

Муфтий болуу үчүн эки талапкер арыз жазды

0

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси — Муфтий болуу үчүн эки кишиден арыз түшүп, алар талапкер катары катталышты.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин катчысы Акылбек Калыбеков билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин бири — Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев, экинчиси — ислам дин илими боюнча устат Нурбек Токтогулов. Каалоочулардан арыз кабыл алуу 17-мартка чейин уланат.

Эске сала кетсек, 11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.

Аалымдар кеңеши 17-февралдан тартып Муфтийликке талапкер болууну каалагандардан арыз кабыл ала баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз