Дүйнөдөгү баардык мамлекеттердин бийликтери коронавируска каршы эмдөөчү AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпашы керек. Мындай билдирүүнү кечээ, 12-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жасады.
Аталган уюмдун өкүлү Маргарет Харрис AstraZenecaны COVID-19 вирусуна каршы «мыкты вакцина” деп атады. Ошондой эле эл аралык уюм препаратты колдонгондон кийин айрым бейтаптарда тромб пайда болот, деген маалымат биротоло бышыктала электигин кошумчалады.
Эске сала кетсек, бейшембиден тарта Дания, Исландия, Норвегия жана Таиланд AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү токтотоорун жарыялаган. Буга препарат менен эмделген айрым адамдардын тамырларында тромб пайда болгону тууралуу кабарлар себеп болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келип түшкөн ар бир маалыматты иликтээрин билдирди.
11-мартта Европадагы дары-дармек боюнча агенттик AstraZeneca вакцинасынын кесепети боюнча ачык жана так далил жок экенин жарыялады.