Понедельник, 25 ноября

Референдум өткөрүү 11-апрелге белгиленди

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында​​​​​ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору референдумга чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз