Пятница, 17 мая

Бүгүндөн баштап Түркияга кирүү эрежеси өзгөртүлдү

0

Түркия өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже киргизди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, 15-марттан баштап алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде «Regist.Health.Gov.tr» сайты аркылуу «Саякатчылардын Түркияга кирүү» формасын толтурушу керек.

Авиакомпаниялар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.

Форманы толтурууда адис аты-жөнү, паспортунун номери, жашаган жери, улуту жана каттам тууралуу маалыматтарды англис тилинде жазышы керек. Ошондой эле чет элдиктерден Түркияда убактылуу жашай турган жери жана акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөгө баргандыгы (эгер барган болсо — ред.) жөнүндө маалымат талап кылынат.

Форма толтурулган соң жүргүнчүгө HES-код берилет. Аны мобилдик тиркеме аркылуу же кагазга басып чыгарып алып, аэропортто жана Түркияда жашай турган мейманканада көрсөтүү зарыл.

HES-коду жок же ал жасалма түрдө алынганы билинип калса, чет элдик киши Түркиянын аймагына кире албайт.

Ал эми транзиттик жүргүнчүлөр аэропорттун стерилизацияланган аймагынан чыкпай турган болсо, бул форманы толтурууга милдеттүү эмес экени айтылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз