Москва-Бишкек-Москва каттамы жумасына алты жолу аткарылары маалымдалды. Бул тууралууу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Орусия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:
— “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;
— “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;
— “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.
Орусия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.