Пятница, 17 мая

Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын алууну токтотуу маселесин кароодо

0

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын ташууну убактылуу токтотуу маселесин кароодо. Бул тууралуу Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, өлкө вакцина апрелде келет деп күтүп жаткан. «Биз өз тарабыбыздан бардык талаптарды аткардык. 8-февралга чейин эмдөө боюнча улуттук планды иштеп чыгып, алардын порталына киргизишибиз керек болчу. Мунун барын мөөнөтүнөн мурда аткарганбыз. Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Бирок, 12-мартта ЖМКларда Дания, Ирландия жана Нидерланддарда терс таасирлер катталганы тууралуу маалымат пайда болду. Биз дароо аталган фондго кайрылдык. Азыр иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ушул жумада алар жооп беришет»,-деди ал.

Ишенапысова өлкө AstraZeneca вакцинасынан баш тарткан жок, жөн гана убактылуу токтотулган деп белгиледи.

Эскерте кетсек, марттын аягында Кыргызстанга COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келиш керек эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз