Четверг, 2 мая

Түркияда туризм кызматкерлери да эмделүүдө

0

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү (TGA) Агенттигинин координациясында Түркияда туризм секторунда иштеген кызматкерлердин COVID-19га каршы эмдөөгө каттоо программасын баштады. Бул тууралуу  Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана маалымат өкүлү билдирди.

Бул программа “Коопсуз Туризм  Сертификат Программасы” алкагында ишке киргизилген. Программанын негизги багыттарынын бири, алдыдагы туристтик сезондо чет элдик туристтерди тосуп алуу максатында туризм тармагынын кызматкерлеринин жана жашоочуларыдын ден соолугуна кам көрүү менен коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз