Среда, 24 апреля

2410 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

0

Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 11 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен жети жарлык 2 410 адамды (1802си — чоң адам жана 608и — бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Төрт жарлык 982 адамды (780и — чоң адам жана 202си — бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетти. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз