Пятница, 17 мая

Муфтийликке 8 талапкер ат салышат

0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийлигине сегиз талапкер ат салышат. Мындай маалыматты Аалымдар кеңеши өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.

«Натыйжада Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сегиз талапкер ат салышуу ниетин билдирген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды», — деп айтылат маалыматта.

Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29, 30, 31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз