Пятница, 22 ноября

Орусия Жерүй долбооруна 600 млн. доллар салат

0

Орусиянын президенти Владимир Путин Жерүй кенин иштетүү долбооруна 600 млн. доллар салат. Мындай пикирин 17-мартта Таластагы Жерүйдөгү алтын иштетүүчү комбинаттын ачылыш аземинде айтты.

“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат”, -деди Путин.

Ошондой эле Орусиянын президенти Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи.

Бул иш-чарага Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын “Оксус Голд” компаниясына таандык болгон. Анын өкүлү Шон Дейлиге – бул мамлекеттин жаранына – 2006-жылдын жай айларында Бишкекте 4 ирет ок атылып, ал аман калган. Кийин Шон Дейли анын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп Максим Бакиевди сотко берген. Процесс 2017-жылдын жай айларында Лондондо болгон.

Андан мурдараак 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шон Дейлиге байланыштуу иш үчүн айыпталган Курманбек Бакиев менен анын баласы Маратты 20 жылга, ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдерди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен өкүм чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз