Пятница, 20 сентября

Соттук аткаруучулар пара менен кармалды

0

20-мартта УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун караштуу Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери Д.С. и Ч.М. 25 000 (жыйырма миң сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.
Такталган маалыматтар боюнча, кармалгандар алимент төлөө боюнча 67 000 (алтымыш жети миң) сом өлчөмдөгү карызы бар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү тургундан 30 000 (отуз миң сом) өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.
Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ШИИБ ТКЖ киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз