Воскресенье, 19 мая

Венесуэлада оппозиция теракт жасоого даярданган

0

Өз планын ишке ашыруу үчүн венесуэлалык оппозициячылар Латын Америкасы өлкөлөрүнөн жалданган адамдарды алып келүү аракетин көрүшкөн.
Өзүн Венесуэланын убактылуу президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдо жана анын “Элдин эрки” (Voluntad Popular) партиясынын функционерлери террорчулук жасоону пландаштырып, венесуелалык аймакта кол салууну көздөшүүдө. Бул тууралуу журналисттерге Венесуэланын вице-президенти жана байланыш министри Хорхе Родригес билдирди.
Мурда, 21-мартта Гуайдонун катчысы Роберто Марреро кармалып, ал террордук уюмга тиешеси бар экендиги жана президентке, саясатчыларга жана Венесуэланын аскерлерине кол салууну пландаштыргандыгы үчүн айып тагылган.
Родригес ММКга венесуэлалык башпрокурордун уруксаты менен алынган Марреранын телефондогу маалыматтарын берди.
Анын айтуусунда, венесуэлалык оппозиция кол салуунун объекти боло турган жогорку кызматтагы жетекчилердин тизмесин даярдаган. Өз пландарын ишке ашыруу үчүн оппозиционерлер Латын Америкасынан жалданма террорчуларды чакырууну пландаштырышкан.
Азыркы учурда кол салуудан тышкары Каракастагы асма жолдо жана станциялар менен метролордо террорчулукту даярдаган ушул жалданма адамдарды кармоо операциясы жүрүүдө.
Мындан мурда АКШ президенти Дональд Трамп Улуттук ассамблеянын (парламент) өзүн Венесуэланын убактылуу президенти деп атаган төрагасы Хуан Гуайдону тааныгандыгын жарыялаган. Гуайдо өзүн Венесуэланын убактылуу президенти деп жарыялап, ант берген. Бул окуя Каракастагы өкмөткө каршы митингдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө болгон. 

Ага жооп катары Мадуро Кошмо Штаттар менен дипломатиялык мамиленин толук үзүлгөндүгүн билдирип, ал эми америкалык дипломаттарга Венесуэладан чыгып кетүүгө 72 саат убакыт берген. 

Хуана Гуайдону Венесуэланын убактылуу президенти катары АКШ, Канада, бир катар латын америкалык өлкөлөр, Израиль, Австралия тааныган.
Венесуэланын мыйзамдуу шайланган президентин колдоо иретинде Россия, Иран, Куба, Түркия, Эквадор, Никарагуа, Беларусь, Кытай билдирүү жасашкан. 
2018-жылы 20-майда Венесуэлада мөөнөтсүз президенттик шайлоо болгон.
Добуш берүүнүн натыйжасында Николас Мадуро жаңы алты жылдык мөөнөткө мамлекет башчылык кызматка кайра шайланган. Мадуро Венесуэланын президенти кызматына 2019-жылы 10-январда киришкен. 
«Лима Группасы» (Латын Американын бир нече мамлекеттери жана Канада) бул шайлоо эл аралык стандартка ылайык келбейт деп билдиршкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз