Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 96 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 96 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 29, Чүй облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2 киши сакайды.

Ал эми бир сутка ичинде 53 адам коронавирустан айыгып чыккан.

«Бишкекте – 43, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 киши коронавируска кабылган», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 400 бейтап, амбулатордук түрдө 324 адам дарыланууда.

«Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 210 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты», — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 239 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 84 киши айыгып чыкса, 1 миң 487 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз