Пятница, 17 мая

Быйыл Нооруз майрамдалбайт

0

Бишкекте быйыл 21-март — Ноорузга арналган массалык иш-чараларга чектөө киргизилип, салтанаттар өткөрүлбөй турган болду.

Шаардык мэрия билдиргендей, мындай чечим коронавируска байланыштуу кабыл алынды.

Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, башкалаада быйыл январдан 18-мартка чейинки аралыкта 2551 кишиден коронавирус жана пневмония аныкталды.

Чектөөлөргө Европада коронавирустун жаңы штаммдары жайылып, коңшу мамлекеттер карантиндик чараларды күчөтүп жатышы да себеп болду.

Мэрия шаардагы бейтапканаларга суук тийүү жана сасык тумоонун белгилери менен кайрылган балдар бир жарым эсе көп болуп жатканын эске салды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз