Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жеке дарыгери Режеп Шекер Стамбул-Бишкек каттамы учурунда Кыргызстандык эгиздин түгөйүн куткарып калды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Түркиялык «Imaret» гезитинин маалыматына карганда, окуя 19-мартта Стамбулдун аэропортунан учкандан жарым саат өткөндөн болгон. Маалым болгондой, эгиз ымыркайлардын биринин жүрөгү токтоп калган.
Эгиздердин энеси түркчө да, англисче да билген эмес. Ал стюардессалардан жардам сураганда, алар өз кезегинде Режеп Шекерден жардам сурашкан.
Режеп Шекер — медицина илимдеринин доктору, Караман округунун депутаты. Ал Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жеке дарыгери.
«Жаңы эле учакка отурганда, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, аны карап жатканымда, стюардесса балдары бар аялга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Аны колума алганымда жүрөгү токтоп калган экен. Наристенин жүрөгүнө массаж, жасалма дем алдыруу жасаганымда өзүн жакшы сезип калды. Азыр баланын абалы тууралуу кабарым жок. Себеби эгиздердин энеси түрк жана англис тилдерин түшүнбөйт экен», — деген жогорудагы окуя боюнча Режеп Шекер.
Мындан улам учкуч Анкара аэропортуна авариялык конууну суранган. Тез жардам бригадасы дароо өтүүчү жолго чакырылып, үй-бүлө жакынкы ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтарга караганда, наристенин абалы туруктуу.