Вторник, 21 мая

Баткенде дагы бир мектеп курулат

0

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталды. Курулуштун пайдубалын түптөө аземи Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда болду. Суваналиев оорукананын курулушуна капсула салды.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди.

“Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратта хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн канаалар болот.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан, ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулаары айтылды. Имараттын курулушу 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берилүүсү болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз