Пятница, 17 мая

Тажикстанда бүгүндөн тартып эмдөө башталды

0

Тажикстанда бүгүндөн тартып коронавируска каршы эмдөө башталды.

Дүйшөмбү шаарындагы “Истиклол” клиникасында биринчилерден болуп Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода, анын орун басарлары жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү өкүлү Осама Маккава вакцина сайдырды. Маккава AstraZeneсa вакцинасынын зыяны жок экенин көрсөтүү үчүн өзү эмделгенин билдирди.

Министр Абдуллозода өлкө жарандарын жапырт эмдөөгө катышууга чакырды. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын аймагында 3 миңден ашык эмдөө пункттары ачылды.

Өкмөттүн планына ылайык, алгач болуп дарыгерлер, экономиканын стратегиялык тармактарынын кызматкерлери, 60 жаштан өткөндөр, мугалимдер жана өнөкөт оорусу бар жарандар эмделет. Тажикстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneсa вакцинасынын 192 миң дозасын алган.

Тажик бийлиги буга чейин өлкөдө коронавирусту толугу менен жеңгенин жарыялаган. Расмий маалымат боюнча, акыркы бир жылда вирус 13 миңден ашык адамдан аныкталып, 90 адам көз жумган. Бирок көз карандысыз эксперттер коронавирусту жугузган жана каза болгондор алда канча көп экенин айтып келишет.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз