Пятница, 22 ноября

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө качан башталат?

0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө процессин ушул жумада баштоо пландалып жатат. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымына караганда, биринчи этапта Бишкек шаарынын, Чүй жана Бишкек облустарынын жашоочуларын эмдөө пландалып жатат. Борбор калаада беш пункт, Чүй менен Ошто экиден пункт ачылат.

Ишенапысова кампаниянын так датасы азырынча белгисиз экенин айтты. Бардыгы иммунизация боюнча илимий-техникалык адистер тобунун сунуштамасынан көз каранды. Жыйын бүгүн өтөт, анда вакцина боюнча бардык расмий документтер көрсөтүлөт.

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm препаратын бекер берген. Жүк өлкөгө 19-мартта жеткирилген.

Биринчи этапта вакцина медиктерге, соцкызматкерлерге, укук коргоо жана күч органдарына, ден соолугу начар кишилерге, анын ичинде кары-картаңдарга сайылат.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жарандардын каалоосунун негизинде жүргүзүлөрүн эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз