Пятница, 22 ноября

Индияда коронавирустун кош мутанттуу варианты табылды

0

Индиянын батыш аймактарында коронавирустун (Ковид-19) «Кош мутант» (Double mutant) варианты табылганы маалым болду.

US News маалымат агенттиги, Индиянын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча Улуттук борборунун директору Сужит Кумар Сингхтин билдирүүсүнө таянып берген кабарында, Ковидден эң көп жабыркаган аймактардын бири болгон Махараштранын батышындагы үлгүлөрдүн 206сында Ковид-19дун кош мутанттуу варианты аныкталгандыгы белгиленди.

Кабарда жаңы варианттын баш калаа Нью-Делидеги 9 үлгүдө дагы табылгандыгы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз