Пятница, 17 мая

Министр күйүүчү май кандайча арзандай туррганын айтты

0

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын ооздуктоочу эки негизги кадамды атады.

Ал, «Кыргызстандын күйүүчү майга жылдык керектөөсү 1 миллион 300 миң тонна. Ал эми «Кыргыз мунай газ» ишканасынын мунай өндүрүү мүмкүнчүлүгү азыркы учурда 240 миң тонна. Анын 90 миң тоннасы экспортко чыгып жаткан. Биринчи кадам менен азыр чек араларды жаап, бүт баарын ички рынокко жумшап жатабыз. Экинчиси, «Кыргыз мунай газга» өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, 280 миң тоннага чыгаруу талабын койдук. Андан ары дагы көбөйткөнгө аракет кылабыз», — деди.

Министр жогоруда белгиленген эки кадам жакынкы күндөрү таасир этип, бааны туруктуу кармап калса болорун кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз