Пятница, 22 ноября

Сутка ичинде коронавирус 100 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 100 адамдан табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (45) жана Чүй облусунда (46).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 858ге жетти, каза болгондор — 1494 адам.

Бир күндө 62 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4229 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. 24-мартта бул көрсөткүч соңку кезде алгач жүздөн ашып, айрым адистер эпидемиянын үчүнчү толкуну башталганын айтып жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз